• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

БЧКдан сөөгү табылган адам мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Шектүүлөр кармалды

Кырсык 0


Бишкек, 24.01.23. /Кабар/. 23-январь күнү эртең менен Аламүдүн айылындагы Чоң-Чүй каралынан колу-буту байланган абалда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамдын сөөгү табылган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиргендей, каза болгон жаран 1989-жылы туулган КР жараны А.К. болуп чыккан. Ал 2022-жылдын 19-декабрынан тартып дайынсыз жоголуп, Аламудүн райондук милициясы тарабынан изделип жаткан.

Аталган кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган У.Ш. жана 1991-жылы туулган Д.К. кармалып, алар А.К.ны сабап, колу-бутун байлап сууга ыргытып жибергенин моюнга алышты.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий