• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүйдө сууга чөгүп кеткен эки адам изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Чүй районунда сууга чөгүп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 5-июлда Чүй районунун Жаңы-Турмуш айылында Чоң Чүй каналына 20 жаштагы жаран сууга түшүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери жыйынтык бере элек.

Ошондой эле күн мурун, 6-июлда Чүй районунун Садовое айылынын 66 жаштагы М.Т. аттуу тургуну Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен. Издөө иштери кеч кирип кеткендигине байланыштуу убактылуу токтотулган.

Бүгүн 19 куткаруучу тартылып, учурда издөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий