• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айбек Артыкбаев Бахрейн элчисинен ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Бахрейн Падышалыгынын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси (айкалыштыруу боюнча) Мохаммед Гассан Аднан Шайхонун ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, министр Артыкбаев элчи Шайхону жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, кыргыз-бахрейн мамилелеринин өнүгүшүнө ийгиликтерди каалап, Кыргызстан Бахрейн менен өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар саясий диалогду чыңдоо, ар кандай деңгээлдеги сапарларды уюштуруу жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссияны жана Ишкерлер кеңешин түзүү аркылуу өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Шайхо жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана өз ара пайдалуу долбоорлорду илгерилетүү үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий