• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Ата сизди сагындым". Ноокатта 15 жаштагы кыз асынып алган

Кырсык 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Ноокат районунда 15 жаштагы мектеп окуучусу асынып алганын Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, 23-майда саат 16:40тар чамасында Гулистан айыл аймагынын 15 жаштагы В.А. аттуу тургуну үйүндө асынып алып, 44 жаштагы М.З. аттуу апасы кызын Ноокат аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып келген.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Алгачкы текшерүү иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, Хужамов орто мектебинин 7-классынын окуучусу В.А. үйүндө "Ата сизди сагындым. Сиздин жаныңызга баратам" деген мааниде кат жазып калтырып, асынып каза болгон.

Маркумдун сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бирок маркумдун апасы жана жакын туугандары соттук-медициналык экспертизага алып баруудан баш тартышты.

Учурда окуучу кыздын эмне себептен жанын кыйгандыгын тактоо боюнча тийиштүү ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий