• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте "Дастан" заводунун аймагында жайгашкан устаканадан өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Бишкекте "Дастан" заводунун аймагында жайгашкан устаканадан өрт чыкты, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, 17-февраль күнү Биринчи май районуна караштуу Абай көчөсүндө жайгашкан “Дастан” заводунун аймагындагы аянты 80 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган жыгач устакананын чатыры, шыбы, чечинүүчү жана жуунуучу бөлмөсү, 1 станок , 3 \терезе, 2 эшик , 2 шкафы күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин жалпы 2 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 06:46 өрт чектөөгө алынып, толук 07:49 өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Маалыматта белгиленгендей, кырсыктан жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий