• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек-Торугарт жолундагы жүрөк үшүн алган кырсыктан 6 адам каза болгон – видео

Кырсык 0


Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Күн мурун Бишкек-Торугарт унаа жолунда "Хонда Степвагон" жана КамАЗ унааларынын катышуусунда жол кырсыгы болгон.

"Кабар" агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгынан 6 адам каза болгон. Ошондой эле бир нече адам жабыркаган.

Жүрөк үшүн алган жол кырсыгы видеого түшүп калган. Анда "Хонда Степвагон" унаасы катуу ылдамдыкта келе жатып жол чырактын кызыл түсүнө токтогон эмес. Жыйынтыгында КамАЗ "Хонда Степвагон" унаасын сүзгөн.

Пикир

Оставить комментарий