• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек жана Чүй облусу боюнча пневмония менен ооругандар үчүн бош орундуктар кайсы жерде бар? Жооп

Ден соолук 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде 7-июлга карата Бишкек жана Чүй облусу боюнча пневмония менен ооругандар үчүн бош орундуктар кайсы жерде бар экендигин айтып берди.

Анын маалыматында, Улуттук госпиталда, №1 шаардык клиникалык ооруканасында жана “Ганси” базасында 176 орундук бар.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-июлга карата коронавирус жуктурган 450 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 8141ди түзөт. Алардын ичинен 2916 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуккан 99 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий