• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Бейшеналиев Аксыда мульти-диагностикалык көчмө комплекстин иши менен таанышты

Ден соолук 0

Бишкек, 28.09.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында июль айынан бери Аксы районунун тургундарын акысыз медициналык кароодон өткөрүп жаткан мульти-диагностикалык көчмө комплекстин иши менен таанышты.

Долбоордун координатору Айчүрөк Смаилова калкка акысыз кызмат көрсөтүү боюнча маалыматтар менен бөлүшүп, 20-сентябрга карата жалпысынан 38 663 тургунга кеп-кеңештер берилгенин белгиледи. 679 томографиялык текшерүү жүргүзүлүп, көзгө 72 операция жасалып, 608 адам гастроскопиядан, 3953 жаран УДИ текшерүүдөн өтүп, 20 миңден ашык адам лабораториялык текшерүүдөн өтүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Министр оорулардын алдын алуу максатында калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү боюнча министрлик тарабынан бир топ иштер жасалып жатканын белгиледи. Ал эми аймактарда мобилдүү мульти-диагностикалык комплекстин иштеши республиканын жарандарынын ден соолугун коргоонун алкагында оң натыйжалардын бири болуп саналарын айтты.

Ал ошондой эле комплекс андан ары Кочкор-Ата шаарына жөнөтүлүп, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургундарына бекер медициналык кызмат көрсөтөрүн билдирди.

Мобилдик комплекс медициналык изилдөөлөрдүн кеңири спектрин жүргүзүүгө жана ар кандай ооруларды диагностикалоого мүмкүндүк берүүчү заманбап жабдуулар менен жабдылган. Анын иши медициналык жардам алууда кыйынчылыктарга туш болгондорго сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган.

Маалымат үчүн: Долбоор беш жылга эсептелген жана бул убакыт аралыгында Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан дары-дармектер, жабдуулар, күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздалып, медицина кызматкерлерине айлык акы берилет. Мобилдик клиникада дарыгерлердин кабинеттери, текшерүү лабораториясы, компьютердик томограф жана маммограф, операциялык блок, рентген аппараты, гастроскоп, көчмө скрининг борбору жана башкаруу борбору бар. Ташуу үчүн кичи автобустар, анын ичинде тез жардам унаасы да бар.

Пикир

Оставить комментарий