• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жалал-Абад облусуна Россиянын ири медициналык борборунун дарыгерлери келди

Ден соолук 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 17-июлда Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына Россиянын ири медицналык борборунун дарыгерлери келишти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликтин демилгеси менен Москва шаарындагы академик В.Кулаков атындагы Улуттук акушердик, гинекологиялык жана перинатологиялык медициналык изилдөө борборунан окутуу үчүн даярдалган адистер келишти.

"Алар 5 күн аралыгында Жалал-Абад облусу боюнча акушер-гинеколог, неанатолог, медайымдар жана жандандыруу бөлумдөрүнүн кызматкерлерине тажыйбалары менен бөлүшөт", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Академик В.И.Кулаков атындагы акушердик, гинекология жана перинатология улуттук медициналык илимий борбору Россиядагы эң ири акушердик-гинекологиялык мекеме болуп саналат. Борбор ата мекендик гана эмес, дүйнөлүк стандарттар боюнча да уникалдуу.

Пикир

Оставить комментарий