• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров арбитраждык процесстерде өлкө кызыкчылыгын коргогон эл аралык юркомпаниянын өкүлдөрү менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров акыркы жылдарда арбитраждык процесстерде Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон Willkie Farr & Gallagher эл аралык юридикалык компаниясынын өнөктөшү Бертру Грегуар башында турган компаниянын өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушууга ошондой эле КР Юстиция министрлигинин жана министрликтин Соттук өкүлчүлүк борборунун (мындан ары – СӨБ) жетекчилиги катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, СӨБ командасы жана Willkie Farr & Gallagher юристтери 2021-2022-жылдары Кыргыз Республикасына каршы бир катар соттук териштирүүлөрдө, анын ичинде “MegaCom” уюлдук операторунун иши, “Sky mobile” компаниясынын доо арызы жана “Манас Банктын” айланасындагы талаш боюнча Франциянын юрисдикциясындагы арбитраждык чечимди жокко чыгаруу боюнча биргелешип оң натыйжаларга жетишилгени айтылды.

Өз кезегенди Willkie Farr & Gallagher компаниясынын өнөктөшү Грегуар Бертру КР Юстиция министрлиги менен биргеликте натыйжалуу консультациялык колдоону талап кылган бир катар башка иштердин жана маселелердин үстүндө иштеп жатканын билдирди.

Ал эми Акылбек Жапаров арбитраждык териштирүүлөрдү тынчтык жолу менен жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү каралышы керектигин жана өлкө кызыкчылыгынын коргоодо Юстиция министрлиги жооптуу иш алып бара турганын белгиледи.

“Талаш-тартыштарды чечүү, биздин кызыкчылыктарыбызды жана укуктарыбызды коргоо, жалпы эле мамлекетибиздин кызыкчыгынын камсыздоодо арбитраждык процесстер негизги ролду ойнойт. Ошол себептүү Кыргызстандын кызыкчылыгын дасыккан жана кесипкөй команданын коргоого алышы биз үчүн абдан маанилүү”, – деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Жолугушуунун соңунда Акылбек Жапаров Willkie Farr & Gallagher эл аралык юридикалык компаниясынын өкүлдөрүн ак ниет эмгеги жана арбитраждык процесстерде Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоого кошкон олуттуу салымы үчүн КР министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

Пикир

Оставить комментарий