• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кытайдын ири корпорацияларынын жетекчилери менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында Кытайдын бир катар ири корпорацияларынын жетекчилери долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады.

Акылбек Жапаров Синьцзян соода-логистикалык корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Шень Цзиньшен менен жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө тараптар логистика, энергетика жана соода тармагындагы маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, Кытайдын жана Евробиримдиктин рынокторуна кирүү үчүн “терезе” катары иштөөгө даяр экенин белгиледи.

“Кыргыз Республикасы Европа Биримдиги менен ВСП+ статусуна ээ, анын аркасында экспортчулар ЕБ өлкөлөрүнө нөлдүк тарифтик ставкалар боюнча товардын 6 миңден ашуун түрүн жеткире алышат. Андан сырткары Өзбекстан жана башка мамлекеттер менен эркин соода аймагыбыз бар”, - деди Акылбек Жапаров.

Министерлер кабинетинин төрагасы эки өлкөнүн лидерлеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамлекеттик чек арадагы үчүнчү “Бедел” өткөрүү пунктун ачуу боюнча макулдашууга жетишилгенин, анын курулушу жакынкы жылдары ишке ашырыла турганын белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстанда логистикалык борборлорду жана бондалык аймактарды куруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы бул долбоорлорду ишке ашырууда, атап айтканда, жер тилкесин берүү, ошондой эле ал жерде тиешелүү инфраструктураны даярдоодо ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде, кытайлык компаниянын башкармалыгынын төрагасы ГЭСтерди, логистикалык борборлорду жана башка долбоорлорду курууга инвестиция тартууга даяр экенин белгилеп, андан ары ишке ашыруу үчүн бир катар долбоорлорду сунуштады.

Акылбек Жапаров делегациянын курамы чечимдерди “жеринде” кабыл алууга мумкундук бере тургандай түзүлгөндүгүн белгиледи.

“Биз сиздерди кызыктырган бардык тармактар боюнча кызматташуу жөнүндөгү меморандумга кол коюуга даярбыз. Унаа жолу же темир жол курулушу бүткүчө күтүүнүн кереги жок, эки тарапты тең кызыктырган долбоорлорду ишке ашырууну азыртан башташыбыз керек”, - деп жыйынтыктады ал.

Андан ары министрлер кабинетинин төрагасы “TBEA Co., Ltd” компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Чжан Син менен жолукту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар министрлер кабинетинин төрагасы менен КЭР Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген долбоорлорду ишке ашыруунун журушун талкуулашты.

Анда электр энергия менен камсыздоо максатында КР Энергетика министрлиги менен ТВЕАнын ортосунда түзүлгөн меморандумдарга ылайык Сары-Жаз каскадын жана кВ 500 “Кемин-Торугарт” электр линиясын куруу ишин ишке ашыруу сүйлөшүлдү.

Пикир

Оставить комментарий