• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Разаков Европа биримдигинин «КРда мыйзамдын үстөмдүгү» Программасынын өкүлдөрү менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Европа биримдигинин «Кыргыз Республикасында мыйзамдын үстөмдүгү» Программасынын өкүлдөрү Дмитрий Нурумов жана Сауле Арипова менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутумун жакшыртуу боюнча мындан ары карай өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары Европа биримдигинин жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Укук» мамлекеттик ишканасынын ортосунда кызматташуу маселелери талкууланды.

Тараптар Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформаларды сапаттуу ишке ашыруунун, анын ичинде укук коргоо органдарынын ишине маалыматтык технологияларды киргизүү маселелеринин маанилүүлүгүн белгилешти.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев буга чейин «Кыргыз Республикасынын санариптештирүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларын уюштуруу жана башкаруу маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июлундагы № 340 токтомуна кол койгон.

Өкмөттүн бул чечими менен «Укук» мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Ага улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдан тышкары, укук коргоо органдары, коргоо, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу системасынын, чек аралык контролдоо, өрт жана радиациялык коопсуздук маселелерин тейлеген органдар, ошондой эле миграция органдары үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгууну жана аларды коштоону ишке ашыруу жүктөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий