• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келген Түрк мамлекеттеринин уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.

Жолугушууда тараптар үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында Астана шаарында өткөн Уюмдун 10-саммитинин жыйынтыгын, мамлекет башчылары кабыл алган чечимдердин аткарылышын, ошондой эле Уюмдун 2024-жылга карата пландарын талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-мамлекеттердин ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий