• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кожошев карыз алуучулардын арыздарын иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев зайым каражаттары боюнча карыз өндүрүүдө мыйзам бузуу фактылары жөнүндө маалымдаган жарандардын арыздарын иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө карыз алуучулардын арыздарын изилдөө боюнча эксперттик жумушчу топтун ишинин алдын ала жыйынтыктары каралды.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, эксперттик топ тарабынан кайрылуулардын көптүгүнө карабастан, ар бир кайрылуу тыкыр иликтенип, айрымдары боюнча оңдуу чечимдер кабыл алынган.

«Жумушчу топ тарабынан көлөмдүү иштер аткарылды. Зайым каражаттарын алууга муктаж жарандардын саны жогорулагандыгын эске алуу менен юридикалык жана физикалык жактарга кредит берүү укугуна ээ болгон финансылык институттардын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам ченемдерин сактоосуна карай мониторинг жүргүзүү маселеси каралды», - деди Арзыбек Кожошев жана комиссиянын иши улантылаарын кошумчалады.

Белгилесек, ведомстволор аралык комиссия министрлер кабинетинин 2011-жылдын 21-декабрындагы чечимине ылайык түзүлгөн.

Ведомстволор аралык комиссиянын иштөө мезгилинде КР президентинин жана министрлер кабинетинин дарегине жөнөтүлгөн жарандардын бардык арыздары каралган.

Пикир

Оставить комментарий