• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпул алган аз камсыз үй-бүлөлөргө электр энергиясы үчүн акы төлөө өлчөмү төмөндөтүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. «Үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүү максатында (айына 700 кВт саатка чейинки өлчөмдө керектөөдө) электр энергиясына 1 кВт саат үчүн 50,0 тыйын өлчөмүндө өзүнчө тарифтиерди белгилөө чечими кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Чечим Кыргыз Республикасынын президентинин «Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган, анда Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине 16 жашка чейинки балдары бар «Үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон муктаж жарандарга (айына 700 кВт саатка чейинки өлчөмдө керектөөдө) электр энергиясына кВт саат үчүн 50,0 тыйын өлчөмүндө өзүнчө тарифтиерди белгилөө тапшырылган.

Токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 16 жашка чейинки балдары бар «Үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөкпул алган, аз камсыз болгон муктаж жарандардын тизмеси жана маалыматтары ай сайын жаңыртылып, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине берилип турат.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине 2022-жылдын 1-январынан тартып жогоруда аталган керектөөчүлөр топтору үчүн электр энергиясына тарифтерди белгиленген тартипте бекитүүсү тапшырылды.

Мамлекеттик орган ай сайын, айдын 30уна чейин Кыргыз Республикасынын облустары жана райондору боюнча иш жүзүндө жашаган/жүргөн дарегин көрсөтүү менен 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмелерин бөлүштүрүүчү компанияларга жиберип туруусу тапшырылды.

Чечимге Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон жана расмий жарыяланган күндөн татып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин токтомунун толук тексти менен төмөнкү шилтемеден таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий