• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкек шаарында кыргыз спортчулары катышкан “Олимп балы” өттү

Спорт 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарында кыргыз спортчулары катышкан “Олимп балы” өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият министри Азамат Жаманкулов катышып, бардык спортчуларды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Азамат Жаманкулов ошондой эле 2021-жыл Кыргызстан үчүн анын ичинде ата мекендик спорт багытында жемиштүү жыл болгондугун белгилеп, бул жеңиштер кыргыз спортчуларынын ийгилиги менен коштолгондугуна токтолду.

Дүйнө коомчулугун көңүлүн бурган кыргыз балбандарынын ийгилиги менен бирге, 2021-жылы Кыргызстанда дзюдо боюнча Азия жана Океания биринчилиги, Ысык-Көлдүн жээгинде жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган 3 миңден ашуун спортчулардын катышкан “ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафону”, XXXII Жайкы Олимпиадалык оюндары, Осло шаарында өткөн Күрөш боюнча Дүйнө биринчилиги, Белградда өткөн 23 жашка чейинкилер арасындагы Күрөш боюнча Дүйнө биринчилиги сыяктуу ири маанилүү спорттук иш-чараларга токтолуп, курама командалар арасында Кыргыз спортчулары мыкты натыйжага жетишип, тарых жаңылангандыгын сыймыктануу менен белгилеп өттү.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, кыргыз спортчуларынын ийгилиги даңазаланды.

Пикир

Оставить комментарий