• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте "Динамикалык пирамида" чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Бишкектеги бильярддык клубдардын биринде эркектер жана аялдар арасында "Динамикалык пирамида" чемпионаты өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, мелдеш спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу, эл аралык мелдештерге катышуу үчүн чыгаан-күчтүүлөрдү аныктоо максатында өткөрүлдү. Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана бильярд, велосипед спорту боюнча ОРАБӨСМ уюштурду.

Бардыгы 57 адам катышып, төмөнкүлөр сыйлыктарга ээ болушту:

Эркектер арасында:

Дастан Лепшаков - 1-орун;
Мирлан Абдыкаров - 2-орун;
Азирет Таштанбеков - 3-орун;
Сыймык Урайимов - 3-орун.

Аялдар жана кыздар арасында:

Наталья Иванова - 1-орун;
Лариса Хан - 2-орун;
Аяна Исабаева -3-орун;
Улана Мамбетказиева -3-орун.

Пикир

Оставить комментарий