• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиядагы мелдеш: Айпери Медет кызы россиялык спортчуну утуп, жарым финалга көтөрүлдү

Спорт 0

Бишкек, 25.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Түркияда өтүп жаткан күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдешинин жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өтүүдө.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта турнирдин 1/8 финалынан баштап күчүн сыноодо. Алгачкы атаандашы россиялык Кристина Шумованы мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде артта калтырды.

Чейрек финалда Медет кызы россиялык Екатерина Букина менен кез келди. Мекендешибиз атаандашына караганда өжөрлүгүн көрсөтүп, 5:3 эсебинде жеңди.

Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова дагы турнирдин жарым финалына өткөн.

Эскерте кетсек, Түркиядагы грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан 17 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий