• 88.68
  • 95
  • 0.95

Грэпплинг боюнча курама команда Эр-Рияддагы дүйнөлүк оюндарда 2 коло медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 24.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын грэпплинг боюнча курама командасы Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда 2 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 66 кг чейинки салмакта Сыймык Махмедов жана 100 кг чейинки салмакта Евгений Слесаренко коло медалга ээ болушту.

Белгилей кетсек, буга чейин самбо боюнча курама команда 3 коло медалга ээ болсо, каратэ боюнча 75 кг чейинки салмакта Назым Нурланов күмүш медалдын ээси болгон.

Мелдеш 20-октябрдан 30-октябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий