• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда Айымдардын эл аралык майрамына карата волейбол боюнча мелдеш өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында волейбол боюнча мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдеш «Энелер лигасы» коомдук бирикмеси менен жергиликтүү бийлик тарабынан облустук деңгээлде өткөрүлүүдө.

Спорттук иш-чара 8-март - Айымдардын эл аралык майрамына карата уюштурулган. Ага район-шаарлардан 11 команда катышууда.

Майрамга арналган мелдешке Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова да катышып, иш-чаранын катышуучуларын шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун жана өзүнүн атынан майрамы менен куттуктап кайтты.

Пикир

Оставить комментарий