• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан – Филиппин: Жээнбеков оюн алдында кыргыз футболчуларына жеңиш каалады

Спорт 0

Бишкек, 15.01.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчысы эртең өтө турган Кыргызстан - Филиппин беттешүүсүнүн алдында кыргыз футболчуларына ийгиликтерди каалады.

«Биздин футболчулар Азиядагы алдыңкы футбол державалары менен тең ата ойной ала турганын далилдей алышты. Оюн учурунда биздин футболчулар бири-бирин колдоп, ар бир топ үчүн катуу аракет кылганын көрдүк. Жигиттерибиз бардык күчүн үрөп ойноп, өлкөбүздүн намысын татыктуу коргой алышты. Алдыда дагы бир матч турат, ал дагы абдан маанилүү жана аныктоочу матч болуп саналат. Биз командабызга чын ниеттен ишенебиз! Силерге ийгилик жана Жеңиш каалайм», — деди мамлекет башчы.

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы эртең, 2019-жылдын 16-январында Филиппиндин курамасы менен беттешет.

Пикир

Оставить комментарий