• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Абдымомунов киберспорт боюнча Азия федерациясынын вице-президенти Мурадов менен жолукту

Спорт 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов киберспорт боюнча Азия федерациясынын вице-президенти Азат Мурадов менен жолукту.

Департаменттен билдиришкендей, жолугушууга ошондой эле Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов, башкы катчысы Кылыч Сарбагышев, КР киберспорт федерациясынын өкүлдөрү катышты.

Азат Мурадов киберспорт боюнча улуттук курама команданын ийгиликтерин белгилеп, аларга алдыдагы эл аралык мелдештерде алтын медалдарды багындырарына үмүтү чоң экендигин билдирди. Ошондой эле 2024-жылы киберспорт боюнча бир катар ири мелдештер өтөрүн белгиледи.

Ал Азия федерациясы тарабынан Кыргызстандын киберспорт боюнча федерациясына колдоо дайым көрсөтүлү турарын, спорттун аталган түрүн өнүктүрүүгө салым кошорун кошумчалады.

Айбек Абдымомунов да өз кезегинде компьютердик спорт федерациясына эл аралык мелдештерге катышуунун алкагында мамлекет тарабынан каржылык колдоо көрсөтүү аракети көрүлүп жатканын белгиледи.

Азия федерациясынын вице-президенти киберспортко дүйнө жүзүндө көп көңүл бурула баштаганын жана Эл аралык олимпиада комитети бул жаатта Олимпиада оюндарын өткөрүүгө камданып жатканын баса белгиледи.

Жыйынтыгында киберспорттун түрлөрү Азия оюндарынын 2026-жылга жана андан кийинки жылдарга программасына киргизилгени, кызматташтыкты чыңдоо кыргызстандык спортчулардын ийгиликтүү оюн көрсөтүү потенциалын арттырары айтылды.

Пикир

Оставить комментарий