• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

“Унаа” мекемеси өз катарын абийирсиз кызматкерлерден тазалоо иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик ("Унаа" мекемеси) өз катарын абийирсиз кызматкерлерден тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, агенттик укук коргоо органдары менен биргеликте транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча аймактык бөлүмдөрдө мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш алып барууда.

Агенттиктин ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө 4 айда Соттук-эксперттик кызматка 323 материал жиберилсе, укук коргоо органдарына юридикалык баа берүү үчүн 28 материал өткөрүп берилген.

"Эгерде агенттиктин кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине күбө болсоңуздар 0312 63-14-40 ишеним телефонуна кайрылыңыз, ошондой эле фото жана видеолорду 0701 51 00 40 номерине Whatsapp аркылуу жөнөтүңүз", - деп кайрылышты жарандарга агенттиктен.

Пикир

Оставить комментарий