• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз компаниялары”Food Table in Japan” ири көргөзмөсүнө катышууда

Коом 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Кыргыз компаниялары Япониянын Тиба шаарында 13нөн 15-февралга чейин өтө турган ”Food Table in Japan” ири көргөзмөсүнө катышууда. Бул тууралуу КРнын тышки иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстандан “Нектар”, “Нарын Уюк”, “Aman Green Food”, “Мол Түшүм” компаниялары катышып, уникалдуу бал азыктарын тартуулашты.

КРнын Япониядагы элчилиги Кыргызстан менен бизнес жүргүзүүгө кызыкдар болгон 50дөн ашуун компаниялардын жана уюмдардын өкүлдөрүн көргөзмөгө чакыруу иштерин уюштуруп, бүгүн кыргыз компаниялардын стендине келип, кыргыз азыктары менен таанышышты.

Бул компаниялардын Японияга келүүсү, Япониянын Россия жана жаӊы эгемендүү мамлекеттер менен соода жүргүзүү боюнча ассоциациясынын (РОТОБО) чакыруусу жана колдоосу менен уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий