• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Роза Отунбаева БУУ Баш катчылыгы негиздеген эл аралык ортомчулар тобуна кирди

Коом 0

Бишкек, 14.09.17 /Кабар/. БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш ортомчулук боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешчилер комиссиясы бекитилгени тууралуу билдирди. Топ “тынчтык үчүн дипломатияны көтөрүү” жана дипломатия менен ортомчулуктун мүмкүндүктөрүн жогорулатуу максатында түзүлгөн.

Комиссиянын курамына 18 адам киргенин РИА Новости жазат. Алардын арасында Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева, Чили президенти Мишель Бачелет, Шри-Ланканын конституциялык кеңешинин мүчөсү Радика Кумарасвами, Финляндиянын мурдагы президенти Тарья Халонен, Иорданиянын мурдагы ТИМ башчысы Нассер Джода, Алжирдин ТИМ башчысы Рамтане Ламамра, Гватемаланын мурдагы тышкы иштер министри Герт Розенталь, Архиепископ Кентерберийский Джастин Уэлби жана башкалар бар.

“Мен кеңештин тобунан конкреттүү ортомчулук аракеттерди күтөм. Алар аймактык уюмдар, өкмөттүк эмес топтор жана тынчтыкты бекемдөөгө тартылгандардын баары менен натыйжалуу иштейт деп ишенем”, - деди Гутерреш.

Ошондой эле, ал БУУда гендердик теңдиктин жаны стратегиясы киргизилгенин билдирди.

“Гендердик теңдик жана аялдардын укуктарын кеңейтүү дүйнөдөгү адам укуктары тармагынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат”, - деди Гутерреш.

Пикир

Оставить комментарий