• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясында шаардык сынактардын жеңүүчүлөрү сыйланды

Коом 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Бишкек мэриясында шаардык сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков тапшырды.

«Мыкты короо» конкурсунда (1991-жылга чейин пайдаланууга берилген үйлөр):
- биринчи орун —"ЖЭК-68", 100 миң сомдук сертификат берилди;
- экинчи орун - «Чыгыш-5 Ак-кеме» турак жай ээлеринин шериктештиги, 80 миң сомдук сертификат;
- үчүнчү орун –“Ак-Короо” турак жай ээлеринин шериктештиги, 50 миң сом.

«Мыкты короо» сынагында (1991-жылдан кийин пайдаланууга берилген үйлөр):
- биринчи орун - “Кошуна” турак жай ээлеринин шериктештиги, 100 миң сом;
- экинчи орун - «Панфилов -Логвиненко №55» турак жай ээлеринин шериктештиги, 80 миң сом;
- үчүнчү орун - «Центриум Резиденс» турак жай ээлеринин шериктештиги, 50 миң сом.

“Мыкты квартал” сынагынын жеңүүчүлөрү:
- 1-орун - Ала-Тоо конушу, №38 квартал, 130 миң сом;
- 2- орун - Ак-Босого конушу, №70 квартал, 100 миң сом;
- 3- орун - Ак-Ордо конушу, №54 квартал, 70 миң сом.

“Административдик округ боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын мыкты муниципалдык администрациясы” сынагында Биринчи май акимчилиги биринчи орунду ээледи, 100 миң сомдук сертификат тапшырылды.

“Бишкек шаарынын мэриясынын мыкты муниципалдык аймактык башкармалыгы” сынагында 1-орунду Бишкек шаарынын мэриясынын №3 муниципалдык аймактык башкармалыгы ээледи, 100 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Конкурстар Бишкек шаарынын тургундарынын демилгелерин колдоо жана шаарды санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана өнүктүрүү боюнча иштерди аймактык деңгээлде уюштурууга багытталган муниципалитеттин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында өткөрүлдү.

Борбор калаанын мэриясы жеңүүчүлөрдү куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт.

Пикир

Оставить комментарий