• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте №145 автобустун жана №192 маршрутканын кыймылы өзгөрдү

Коом 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарында №145 автобустун жана №192 маршрутканын кыймылынын айрым бөлүгү өзгөрдү.

Мындан ары, №145 автобус Ахунбаев көчөсү аркылуу Молдокулов көчөсүнө бурулуп, Куланак көчөсүнө чейин барат. Ал эми №192 маршрутканын кыймылы Ибраимов көчөсүнөн (шаарды айланып өткөн чоң жол) “Бишкек автобекетине” чейин узарды.

Белгилей кетсек, мындай чечим шаар тургундарынын кайрылууларынын негизинде кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий