• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кара-Суу районунда 5 унаа кагылышып, 1 адам каза болуп, 7 киши жабыркады

Кырсык 0

Ош, 14.09.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда 5 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болуп дагы жетөө жабыркады. Бул тууралуу Ош облусунун патрулдук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жол кырсыгы 13-сентябрда болжол менен саат 13:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 648-чакырымында Отуз-Адыр айыл аймагынын Кайрагач айылына жакын жерде катталган.

“Өзгөн райоунун 1955-жылкы К.А,, аттуу тургуну “Daewoo Leganza” унаасы менен бара жатып, рулду башкара албай, каршылаш тилкеге чыгып “Тойота”, “Ниссан”, “Хонда Фит” жана “Хюндай Портер” унаалары менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен К.А ооруканадан өзүнө келбей каза болгон. Жети адам ар түрдүү жараттарды алышып, облустук ооруканага жеткирилген”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий