• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Тыныстанов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафенин 6 чарчы метр аба соргучу (вытяжка) күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Араван районундагы Араван айылында жыгач устундуу шифер жабылган эки кабатту сарайдын 78 чарчы метр чатыры, 7 тонна саман, 200 боо пахта сабагы, 30 даана стропила күйгөн. Өрттүн себеби отко этиятсыздык мамиле кылуу.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылындагы Арал көчөсүндө көмөк чордон күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Тилек постунун аймагында ачык аянтта 10 гектар куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Токмок шаарындагы Токтогул көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 8 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Булаң-Сөгөттү айылында ачык аянтта 30 сотык куураган чөп, 30 түп алма, 40 түп өрүк күйгөн. Өрттүн себеби такталууда

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Аманбаев көчөсүндө жайгашкан мончонун 50 чарчы метр пластик шыбы жана 39 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ключовка айылында ачык аянтта 5 гектар куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий