• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Жалган маалымат тараткандарга карата катуу чара көрүлөт

Коом 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Жалган маалыматтарды тараткандарга карата катуу чара көрүлөт, - деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы.

УКМКдан билдиришкендей, коронавирустун таралышы боюнча маалыматтардын фонунда кооптонуу ушактарын, фейк маалыматтарын тараткан тараптарды аныктоо, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.

"Азыркы тапта республикада кырдаал туруктуу. Базарлар жана соода түйүндөрү өз нугунда иштеп жатат. Коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, 0(312) 88 16 84 ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр", - деп айтылат маалыматта.

УКМК жалган маалыматтарды жана башка ушул багыттагы материалдарды тараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий