• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исфара шаарында кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 05.02.20. /Кабар/. 4-февраль күнү Исфара шаарында (Тажикстан) өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары К.Салихов, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Ж.Рүстөнбеков Согди облусунун төрагасынын орун басары Б.Баходурзода менен жолугушуп, анда кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда элчи Рүстөнбеков эки эл ортосунда, айрыкча чек арага жакын турган жарандар арасында өз ара ишенимди арттыруу керектигин белгилеген.

"Тажик тарапка кыргыз-тажик бизнес форумун өткөрүү сунушталды. Ошондой эле Баткен менен Согди облустарынын чек аралаш райондорунда биргелешкен ишканаларды түзүү маселеси талкууланды", - деп билдиришти министрликтен.

Министрликтен белгилешкендей, тараптар 2020-жылы Баткен менен Согди облусунун чек аралаш аймактарында биргелешкен маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүү маселесин талкуулашкан: көк бөрү боюнча достук мелдеши, жаштар арасында футбол мелдеши, концерттик иш-чара, Тажикстанда Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмалардын жумалыгын өткөрүү.

Пикир

Оставить комментарий