• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЕАЭБдин технопактары кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

Коом 0

Бишкек, 01.02.19. /Кабар/. Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн технопарктарынын жетекчилери санариптик кол тамганы колдонуу менен технопарктар ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту. Кыргыз тараптан документке Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов кол койду.

Меморандумга кол коюу бүгүн Казакстандын Алмата шаарында өтүп жаткан "Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0" форумунун жүрүшүндө болуп өттү.

Аталган форум Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында уюштурулган. Анын ишине ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, эл аралык ири IT-компаниялардын жана IT технопарктардын жетекчилери, технологиялык индустрия, эл аралык уюмдардын, бизнес өкүлдөрү, ошондой эле маалыматтык технологиялар тармагындагы эл аралык эксперттер катышты.

Пикир

Оставить комментарий