• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков жана Эрдогандын жолугушуусу кыргыз-түрк мамилелерине жаңы дем берди

Коом 0

Бишкек, 10.04.18 /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркиянын президенти Режеп Эрдоган менен жолугушуусу кыргыз-түрк мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарды. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору Чолпонбек Аралбаев КР президентинин сапары жана эки өлкөнүн башчыларынын Стамбулдагы жолугушуулары боюнча билдирди.

Аралбаев Жээнбековдун Кыргызстандын президенти катары Стамбулга сапары жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи.

“Биз муну оң кабыл алабыз. Түркия биздин эгемендүүлүгүбүздү биринчилерден болуп тааныган боордош өлкө. Жолугушуу жакшы маанайда өттү. Эрдоган бул сапарга өзгөчө көңүл буруп, биздин мамлекет башчыны жогорку деңгээлде тосуп алышты”, - деди Аралбаев.

Анын айтымында, кыргыз-түрк мамилелеринин мындан аркы өнүгүүсү оң багытта болот. Ошондой эле ал акыркы кездерде өлкөлөр ортосундагы мамиле муздат кеткенин белгиледи.

“Жаңы башталыштардын башаты болгон эки жактуу мамилелердин жаңы барагы ачылууда. Буга чейин жакшы мамиледе болдук. Бирок акыркы кездерде Сапат деп кайра аталган Себат лицейлерине байланыштуу чуулгандуу окуядан улам алакалар бир аз солгундап кеткен. Бирок бул жолугушуу кыргыз-түрк мамилелерине көп жакшы жаңы долбоорлорду бере турган дем берди”, -деп түшүндүрдү Аралбаев.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков расмий сапары менен Түркияда жүрөт.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун эки күндүк расмий сапарынын биринчи күнүндө Анкарада Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен тар жана кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөр өттү.

Президенттер энергетика, транспорт, айыл чарба, саламаттык сактоо, парламенттер аралык кызматташуу, маданият жана билим берүү тармактарында эки жактуу кызматташуулардын аспектилерин, ошондой эле инвестицияларды тартуу маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчылар тараптардын жылдык товар айлантууну 1 млрд долларга чейин жогорулатуу потенциалын баса белгилешти.

Бүгүн, 10-апрелде президент Жээнбеков Түркиядагы кыргыз диаспорасынын лидерлери, ошондой эле премьер-министр Бинали Йылдырым жана Улуу улуттук жыйындын спикери Исмаил Кахраман менен жолугушат.

Пикир

Оставить комментарий