• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК тармактык комитети Башкы прокурорду кызматтан алуу сунушун колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.04.18. /Кабар/. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеӊештин Регламенти боюнча комитети Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу сунушун колдоду. Бул тууралуу журналисттерге комитеттин өкүлү, депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

“Комитет Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча президенттин сунушун бир добуштан колдоду. Бул маселе Жогорку Кеңештин жыйынында эртең каралат”,-деп билдирди Шыкмаматов

Комитеттин жыйынында сунуштаманы бүгүн КР президентинин аппаратынын жетекчиси Мухамметкалый Абулгазиев көрсөттү.

Эске сала кетсек, Жолдубаева Башкы прокурор кызматына 2015-жылдын 28-январында келген.

Пикир

Оставить комментарий