• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги Аска-Таш комплексинде жаңыртуу иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Юлиус Фучик көчөсүндө жайгашкан «Аска-Таш» комплексинде жаңыртуу иштерин жүргүзүүдө.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, тазалыкчылар фонтандарды, отургучтарды, урналарды, «Бишкек» деген жазууну жана стеладагы орнаментти сырдашты.

Ошондой эле фонтандардын четтери оңдолуп, үн өткөрбөй турган тосмолор орнотулду.

"Стеланын жанындагы аянтка көк майсан өстүрүү пландалууда жана ал жерге жээк таштарды орнотуп, көрктөндүрүү үчүн даярдыктар көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий