• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаарындагы №72 мектептин кошумча корпусу ачылды

Коом 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы №72 мектепте 225 окуучулук орунга ылайыкталган бир кошумча корпус ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы имаратта керектүү эмеректер менен жабдылган 18 окуу бөлмөсү бар.

Имараттын курулушун Чүй капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүздү.

Салтанаттуу ачылыштан кийин мектептин директору жаңы имарат менен тааныштырды.

Пикир

Оставить комментарий