• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

23-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. 19-февралдан 23-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 19-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 19-февралда күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

20-21-февралдарда жана 22-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

22-февралда күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жана Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

23-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 23-февралда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт

Пикир

Оставить комментарий