• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Газпром Кыргызстан" жаратылыш газынын акысын өз убагында төлөбөгөндөргө туум кошуп эсептеп баштайт

Коом 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. "Газпром Кыргызстан" сентябрь айынан тарта колдонулган жаратылыш газынын акысын өз убагында төлөбөгөндөргө туум кошуп кайрадан эсептеп баштайт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынан билдиришти.

"Эске сала кетсек, КР өкмөтүнүн калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана COVID-19 таралышына жол бербөө сунушунун негизинде, 1-марттан тартып газга өз убагында төлөбөгөндөр үчүн туумду кошуп эсептөө 5 айга убактылуу токтотулган. "Газпром Кыргызстан" компаниясы газга болгон карызды толук төлөөнү сунуш кылат. Компания мыйзамдын негизинде жаратылыш газы үчүн өз убагында төлөбөгөндөрдүн газын токтотууга жана сот органдарына кайрылып, карызын мажбурлап төлөтүүгө укугу бар. Газ үчүн төлөмдөрдү Pay24, Quickpay, Оной, UMAI, О!Терминал төлөм терминалдары, ошондой эле компаниянын сайты жана мобилдик тиркемеси, "Элсом", "MegaPay", "Balance", "О!Деньги" мобилдик капчыктары, коммерциялык банктардын кассаларынан жана "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүнөн жүргүзүүгө болот", -деп билдирет компания.

"Газпром Кыргызстан" компаниясы коронавирус инфекциясын таратпоо максатында аралыктан төлөө ыкмасын колдонууну сунуш кылат.

Ошондой эле компаниянын абоненттери Бишкек шаарындагы төмөнкү даректер боюнча жайгашкан Калкты тейлөө борборлорунан газга болгон төлөмдү жүргүзсө болот:

- Горький көч., 22.

Иштөө мөөнөтү: дүйшөмбү-ишемби күндөрү саат 8:00дөн 16:00гө чейин. Түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин.

- Фучик көч., 19.

Иштөө мөөнөтү: дүйшөмбү-жума күндөрү, саат 8:00дөн 16:00гө чейин. Түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин. Ишемби-жекшемби күндөрү – дем алыш.

- Ахунбаев көч., 186/1.

Иштөө мөөнөтү: дүйшөмбү-ишемби күндөрү саат 8:00дөн 16:00гө чейин. Түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин.

"Төлөнүүчү сумманы www.gazprom.kg сайтындагы жеке кабинетке кирип же Gazprom.kg мобилдик тиркемесин катталуу жолу аркылуу тактаса болот. Gazprom.kg мобилдик тиркемесин Android жана iOS платформаларынын көчүрүп алса болот", - деп билдирет "Газпром Кыргызстан".

Пикир

Оставить комментарий