• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тоолуу экосистеманы коргоо. Кыргызстандын аймактарында эксперттик топтордун жолугушуусу өттү

Коом 0

Бишкек, 09.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы боюнча атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев 2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын концепциясын жана жол картасын түшүндүрүү боюнча эксперттик топтордун бир катар жолугушууларын өткөрдү.

Жолугушуулар өлкөнүн бардык облустарында мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, билим берүү мекемелеринин, жеке бизнестин, саламаттыкты сактоонун, туризмдин, айыл чарбасынын, ЖМКнын жетекчилеринин, ошондой эле жарандык коомдун активисттеринин жана жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын жана жаштардын катышуусу менен өткөрүлдү.

Глобалдык жана улуттук демилгелердин, ошондой эле президент Садыр Жапаровдун тоолуу экосистемаларды сактоо жана тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо проблемаларына дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча аракеттеринин алкагында бекитилген Концепцияны жана жол картасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берилди.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары экологиялык, жаратылышты коргоо программаларын жана “Жашыл мурас” улуттук долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Беш жыл аралыгында иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча маалыматтык ресурстар, жаңылыктар жана кулактандыруулар жаңы сунушталган www.mountains.gov.kg веб-сайтында жайгаштырылат.

Чакырылган коноктор саламаттык сактоо тармагында глобалдык, регионалдык жана улуттук деңгээлде Кыргызстандын тоо күн тартибин ырааттуу ишке ашыруу, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, социалдык коргоо, токой чарбасы, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, азык-түлүк коопсуздугу, тоолуу аймактарда дары чөптөрдү өстүрүүнү жана колдонууну өнүктүрүү, ошондой эле туристтик потенциалды пайдалануу сыяктуу бир катар негизги маселелерди бөлүп көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий