• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясы Ага Хан өнүктүрүү уюму менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрөт

Коом 0

Бишкек, 09.04.24. /Кабар/. Бишкекте мэр Айбек Жунушалиев менен Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлү, доктор Баркат Фазалдын жолугушуусу өттү, деп билдире муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Жунушалиев Ага Хан Фонду өнүктүрүү уюму менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, муниципалитеттин көйгөйлөрдү тез арада чечүүгө даярдыгын баса белгиледи.

Айбек Жунушалиев 2024-жылдын сентябрь айына белгиленген тажрыйба алмашуу боюнча мэрлердин форумун уюштурууда кызматташууга үмүт артарын билдирди.

Жыйында борбордун жашыл фондун жакшыртуу (реновация) талкууланып, өз кезегинде Баркат Фазал Ага Хан өнүктүрүү уюму Биринчи май районуна көчөттөрдү отургузганын кошумчалады.

Мындан тышкары, тараптар жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында муниципалитеттин ишин жана бул багытта кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар баарлашуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты.

Пикир

Оставить комментарий