• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Камакта отурган адамдардын 3 миңден ашыгы орозо кармоодо

Коом 0

Бишкек, 07.05.19. /Кабар/. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын мекемелеринде соттолуп отурган, айыпталуучу жана тергөөнүн алкагында жүрүп камакка алынган 3 миңден ашык адам орозо кармоодо.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, орозону кармагандардын көбүн №1 тергөө абагы (550дөн ашык) менен Москва районунда жайгашкан Петровка айылындагы №8 түзөтүү мекемесинде кармалгандар (400дөн ашык) түзөт.

“Азыркы учурда жаза аткаруу кызматынын жабык мекемелеринде 8 миңге жакын адам кармалат. Андан тышкары 500дөн ашуун кызматкер да орозо кармашууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий