• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда өзгөчө корголуучу аймактардын аянтын 10%га көбөйтүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 09.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда өзгөчө корголуучу аймактардын аянтын 10%га көбөйтүү пландалууда.Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Азыркы учурда Кыргызстанда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагы өлкөнүн жалпы аянтынын 7,38%ын түзөт жана 10 мамлекеттик жаратылыш коругун (509,9 миң га), 13 мамлекеттик жаратылыш паркын (724,9 миң га), 64 өзгөчө корукту (комплекстүү, ботаникалык, зоологиялык, токой, аянты 241,5 миң га), ошондой эле Бишкек шаарындагы Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакчаны жана Каракол шаарындагы зоологиялык паркты камтыйт.

Мамлекеттик жаратылыш коруктарында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоонун тиешелүү режимин камсыз кылуу максатында төмөнкүдөй функциялык зоналар белгиленген: өзөк зонасы (негизги зона) жалпы аянты - 361720,2 га, жалпы аянты - 87448 га буфердик зона, жалпы аянты - 110304,4 га коргоо зонасы .

Мамлекеттик жаратылыш парктары төмөнкүдөй функциялык зоналарга бөлүнөт: жалпы аянты - 346084,2 га корук режими, жалпы аянты - 48460,0 га экологиялык турукташтыруу, жалпы аянты - 34880,0 га туристтик жана рекреациялык зона, жалпы аянты-278625,7 га чектелген чарбалык ишмердүүлүк .

Мамлекеттик жаратылыш коруктарында жана парктарда 64 токой чарбасы 210 айланма жол аныкталган, анын орточо аянты 4991,1 га.өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына коргоо иш-чараларын 356 адам, анын ичинде 246 егерь/токойчулар камсыз кылат.

Учурда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын 10% га чейин көбөйтүү максатында азыркы учурда Жаратылыш министрлиги тарабынан белгилүү иштер жүргүзүлүүдө. Алсак, былтыр КР министрлер кабинетинин буйругу менен жалпы аянты 8 160 га болгон "Мадыген" жаратылыш паркы, быйыл КР президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн буйругунун негизинде жалпы аянты 65 миң га Чаткал экологиялык коридору түзүлгөн.

Азыркы учурда Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагында аянты 67 миң га "Чоң-Алай" мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу боюнча белгилүү иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Баткен облусунун аймагында "Арка" мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү пландаштырылууда. Ошентип, жалпысынан 118 миң 147 га аянтты кеңейтүү күтүлүүдө.

Эл аралык маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары:

Адам жана биосфера

- Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу (1979).

Биосфералык коруктардын дүйнөлүк тармагы:

- "Ысык-Кѳл" биосфералык аймагы (2001).

Жаратылыш мурастарынын тизмеси (Батыш Тянь-Шань чек ара номинациясы, 2016):

- Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу;
- Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругу;
- Падыша-Ата мамлекеттик коругу.

Коргоочу аймактардын функционалдык мааниси боюнча өлкөлөр Жаратылышты коргоо боюнча эл аралык союздун төрт категориясына бөлүнөт:

I категория – мамлекеттик жаратылыш коруктары. Жалпы аянты 509952,7 гектарды түзгөн 10 мамлекеттик корук.
II категория – мамлекеттик жаратылыш парктары, жалпы аянты 724 670,2 га болгон 13 мамлекеттик жаратылыш парктары.
III категория - биотопторду жана түрлөрдү коргоо объекттери. 45 мамлекеттик коруктар жалпы аянты 241398,7 га
IV категория – жаратылыш эстеликтери. Жалпы аянты 100 гектарды түзгөн 19 геологиялык корук.

Пикир

Оставить комментарий