• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

15-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат: күн ысыйт

Коом 0

Бишкек. 14.05.19 /Кабар/. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында эртең, 15-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Өрөөндөрдө жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29, Талас облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29.

Ошто, Жалал-Абадда, Баткен облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 18...24, Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт, абанын температурасы түнкүсүн 11...13, күндүз 26...28 градус болот.

Ош шаарында эртең түнкүсүн 13…15, күндүз 28…30.

Пикир

Оставить комментарий