• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Адилет министрлигиндеги коррупцияга каршы иш чара иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 10-июль /Кабар/. Адилет министрлигине жана анын ведомстволук түзүмдөрүнө антикоррупциялык иш чара иштелип чыкты. Бул тууралуу Коргоо кеңешинин катчылыгы билдирди.

Белгилүү болгондой, Коргоо кеңешинин жумушчу тобу алдыда аткарыла турган иш планды талкуулап сунуштар айтылды.

Эскерте кетсек, мамлекеттик мекемелерде 8 коррупциялык аймак жана 31 коррупция болушу мүмкүн делген мекеме аныкталган. Коррупциялык мүмкүнчүлүктөр юридикалык жактарды каттоодо, жактоочулук, нотариус ишинде жана мамлекеттик соттук экспертиза борборундагы ишмердүүлүгүндө жолугат.

Нотариус тармагында эксперттер лицензия берүүдө текшерүүнү күчөткөн бир катар чараларды сунуш кылышты.

Статистиканы, кылмыш иштерин жана жарандардын нотариус тармагына болгон ишеничинин аздыгын эске алуу менен, нотариустардын жоопкерчилигин күчөтүү негизги маселелердин бири болот.

Сунуштардын катарында Адилет министрлигинин расмий сайтында иштеп жаткан нотариустардын реестерин жана кетирген каталары үчүн лицензия берилбеген нотариустардын тизмесин түзүү сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий