• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда спорттук-аңчылык патрондорду чыгаруу каралууда

Коом 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. Кыргызстанда спорттук-аңчылык патрондорду чыгаруу каралууда. Бул тууралуу Бишкектеги VIII Аймактар аралык кыргыз-россиялык конференциясында "Бишкек штамп заводу" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Алмаз Акматалиев билдирди.

Анын айтымында, завод коргоо комплекси багытында болуп, атайын буюмдардын кеңири түрүн чыгарган Борбор Азияда жалгыз завод.

"Завод россиялык коргонуу заводдору менен кызматташып келет. Ишкана дары (порох), жардыруучу-капкакча сатып алып, жабдыктарды чыгарып, сатат", - деди ал.

Дагы бир келечектүү иштердин бири батыш өлкөлөрүндө суроо-талапка ээ 5,56 калибриндеги спорттук-аңчылык патрондорунун жаңы түрүн өздөштүрүү болууда.

"Учурда биз аскерий патрондорду чыгарабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий