• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркияга кеткен кыргызстандык куткаруучулардын экинчи тобу издөө иштерине киришти

Коом 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Түркияга кеткен кыргызстандык куткаруучулардын 80 адамдан турган экинчи тобу издөө иштерине киришти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн таң эрте 80 куткаруучу издөө-куткаруу иштерин аткарып жаткан 67 куткаруучу менен биргеликте Кахраманмараш шаарынан 15 мүнөттүк алыстыкта жайгашкан райондогу талкаланган урандылардан издөө иштерин жүргүзө баштады.

Куткаруучулар жаңы бөлүнгөн аймакка издөө иштерине ӨКМ башчысынын орун басарлары Азамат Мамбетов жана Эделбек Кулматовдун жетекчилиги менен чыгып кетишти.

Кечээ, 12-февралда табигый кырсыктан жабыркаган боордош түрк элине колдоо көрсөтүү үчүн атайын учак менен 80 куткаруучу, 6 дарыгер, боз үй тигүүчүлөр, 75 боз үй жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Пикир

Оставить комментарий