• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Чакан ГЭС” ишканасы тарабынан экологиялык мыйзамдар бузулууда

Коом 0

Бишкек, 16.11.17./Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан “Чакан ГЭС” ишканасы тарабынан экологиялык мыйзамдар бузулуп жатат. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Узун-Кыр айыл өкмөтүндө жайгашкан “Чакан ГЭС”ишканасы өзүнүн аймагындагы таштандыларды тазалап, ирээтке келтирүү иштерин жүргүзбөй келет.

“Кайдыгерликтин айынан жолдун жээктери мыйзамсыз таштанды жайына айланып кеткен. Аталган таштандылар “Дачное” жана “Кайырма” айылдарынын ортосундагы жолдо жана каналдын жээгинде жайгашып, айлана-чөйрөгө олуттуу зыян тийгизип жатат. Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан буга чейин текшерүүлөр жүргүзүлүп, ишкананын жетекчилигине тез аранын ичинде таштандыларды тазалап, тиешелүү аймакты ирээттөө боюнча эскертүүлөр берилген. Тилекке каршы Мамэкотехинспекциянын койгон талаптары белгиленген мөөнөттө аткарылган эмес. Учурда Инспекция тарабынан талаптарды аткарбаган ишканага мыйзам чегинде катуу чараларды көрүү боюнча иштер жүрүп жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий