• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-казак чек ара тилкесинде мыйзам бузуулар катталган жок — КР Чек ара кызматы

Коом 0

Бишкек, 17.04.21. /Кабар/. Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде чек ара режимин жана мамлекеттик чек араны бузуу фактылары катталган жок. Бул тууралуу КР УКМК Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү маалымдайт.

“Чүй облусунун Аламүдүн районунун Гроздь айылынын жанында Чу дарясынын жээгинде “Чекиш-Ата” ЖЧКсы жүргүзүп жаткан иштер республиканын чек ара мыйзамын бузбайт, себеби бул аймак чек ара тилкесине кирбейт, ал эми чек ара сызыгы бул участокто Чу дарыясынын ортосу менен өтөт”, - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, КР УКМК Чек ара кызматы чарбалык иштерди жүргүзүүгө уруксат берилген кыргыз-казак мамлекеттик чек ара участогундагы чек арага канатташ аймактардагы абалга көзөмөл жүргүзүп келет.

Пикир

Оставить комментарий