• 88.68
  • 95
  • 0.95

Келерки жумада Мамлекеттик циркти оңдоо иштери башталат, кызматкерлер үч айга эс алууга чыгат

Коом 0


Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Келерки жумада А.Изибаев атындагы Мамлекеттик циркти капиталдык реконструкциялоо иштери башталат. Имарат 1976-жылы курулган, ошондон бери бир да жолу ремонт иштери жүргүзүлгөн эмес.

Президенттин иш башкарууусу Каныбек Туманбаев билдиргендей, долбоорго ылайык, цирктин имаратын оңдоого беш айдай убакыт талап кылынат.

"Ремонт иштери аяктаган соң жаңы технологиядагы циркти көрөсүздөр деп ишенебиз", - деп, Туманбаев цирктин кызматкерлери келе жаткан жумада үч айга эс алууга чыгарын кошумчалады.

Эске сала кетсек, президент өткөн аптада циркке күтүүсүздөн барып, жеринде имараттын абалы, жумушчулардын эмгек шарттары менен таанышкан.

Мамлекет башчысы жамаат менен болгон маегинде циркти капиталдык реконструкциялоо долбоору иштелип чыкканын, керектүү акча каражаттары бөлүнүп, жакынкы арада оңдоо иштери башталарын белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий