• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Панфилов дивизиясынын 82 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 12-июлда Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор И.В.Панфилов атындагы Режицкилик, Кызыл Туу, Ленин, Суворов ордендүү 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын түзүлгөн күнүнүн 82 жылдыгы белгиленди.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чара И.Панфиловдун эстелигине гүл коюу аземи менен башталды.

Иш-чарага коргоо министри Бактыбек Бекболотов, дивизиянын командачылыгы жана өздүк курамы, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, чакырылган коноктор жана борбор калаанын тургундары катышты.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө коргоо министри Бактыбек Бекболотов кыргызстандыктардын азыркы мууну бизге эркиндикти жана тынчтыкты камсыз кылган советтик жоокерлердин жеңишин, анын ичинде миңдеген кыргызстандыктардын курмандыгын эстеп, өткөндү унутууга акылары жок экендигин айтты.

"Аскердик эрдиктин жана баатырдыктын өлбөс үлгүсүнө айланган аталарыбызга жана чоң аталарыбызга таазим кылабыз",- деп баса белгиледи ал.

Маалымдама: 316чы аткычтар дивизиясы Орто Азия аскер округунун командачысынын №0044 буйругу менен 1941-жылдын 12-июлунда түзүлгөн. Дивизияны түзүү жана ага колбашчылык кылуу Кыргыз ССРнин аскер комиссары генерал-майор И.В.Панфиловго тапшырылган.

1941-жылдын 17-ноябрында 316-аткычтар дивизиясы согушта көрсөткөн баатырдыктары жана каармандыктары үчүн 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы деген жаңы аталышка ээ болот. СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Жарлыгы менен дивизия Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланат.

1941-жылдын 3-ноябрында 8-гвардиялык аткычтар дивизиясына генерал-майор И.В.Панфиловдун ысымы ыйгарылат.

Пикир

Оставить комментарий